Кыргызстан — Түркмөнстан беттешине билеттер студенттер үчүн арзан баада сатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги күйөрман, архивдик сүрөт
Футбол беттешиндеги күйөрман, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Студенттерге 50 пайыздык жеңилдетүү каралган. Ал үчүн студенттик билет көрсөтүү жетиштүү.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстан — Түркмөнстан футболдук беттешине билеттер студенттер үчүн арзан баада сатылат. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди. 

Аталган беттеш 11-октябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. 

Беттешке билеттер 200-500 сомдон сатылат. Ал эми студенттерге 50 пайыздык жеңилдетүү каралган. Ал үчүн студенттик билет көрсөтүш жетиштүү болот. 

Белгилей кетсек, буга чейинки Кыргызстан — Ливан беттешти 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0