КР самбочулары дүйнө чемпионатынан 6 медаль менен кайтышты

© Sputnik / Василий Пономарев / Медиабанкка өтүүКилемге чыгып жаткан самбочу, архивдик сүрөт
Килемге чыгып жаткан самбочу, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар арасындагы биринчилик 7-9-октябрь күндөрү Румыниянын Плоешти шаарында өттү. Кыргызстандык спортчулар бир күмүш жана алты коло медаль алышкан.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жаш самбочулар Румынияда өткөн дүйнө чемпионатында алты медаль тагынып кайтышканы Эл аралык самбо федерациясынын сайтында маалымдалат.

Жаштар арасындагы биринчилик 7-9-октябрь күндөрү Плошети шаарында өттү.

ММА Федерациясынын ачылышына арналган турнир - Sputnik Кыргызстан
Күч атасын тааныбайт. Бишкектеги ММА беттешиндеги кайдыгер калтырбаган ирмемдер
Таймаштын биринчи күнү 48 килограммга чейинки салмак категориясында Аманбек Тентиев чыгып, күмүш медаль тагынса, 75 килограммдык салмакта килемге чыккан Ишен Аманов коло медалга татыды. 

Экинчи күнү Кайрат Жунус уулу (52 кг), Фархад Абжалиев (65 кг) жана Эламан Кенжебаевдер (90 кг) коло медаль алышты.

Акыркы үчүнчү күнү акыркы коло медалды Азат Аманбеков алып келди. Мындан тышкары 57 килограммга чейинки салмакта да коло медаль татып, натыйжада кыргызстандык команданын куржуну бир күмүш жана алты коло медаль менен толукталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0