Джиу-джитсу боюнча КРдин чемпионатына 400 адам катышышы мүмкүн

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүДжиу-джитсу. Архивдик сүрөт
Джиу-джитсу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте өтө турган өлкө биринчилигинде балдар менен бирге чоңдор да ат салышат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкектин "Беш-Сары" спорт комплексинде джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтө турганын аталган спорттун федерация президенти, Азия чемпиону Самарбек Сабыржан уулу билдирди.

Кыргызстандын желеги,  архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан Изабеков дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду
Биринчилик 15-16-октябрь күндөрүнө белгиленген. Самарбек Сабыржан уулунун айтымында, чемпионатка 400дөй киши катышканы турат.

Өлкө биринчилигинде 7 жаштан жогорку курактагы балдар менен бирге 18 жаштан жогорку чоңдор да ат салышат.

Ички чемпионаттын жеңүүчүлөрү 23-28-ноябрда Варшавада өтө турган эл аралык турнирге катышуу үчүн жолдомого ээ болот. Федерация президенти ага болжол менен 20дай спортчу катыша турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0