Чынарбек Изабеков: ардагерлер арасында жеңишке жеткенимдин бир сыры бар

© Sputnik / Табылды КадырбековАрдагерлер арасында эки алтын медалды багындырган спортчу Чынарбек Изабеков
Ардагерлер арасында эки алтын медалды багындырган спортчу Чынарбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт дайыма эле пайдалуу эмес! Эгерде аша чаап колдонсоң айбаты аттын башындай болот. Муну акыркы эки жылда ардагерлер арасында эки алтын медалды багындырган спортчу Чынарбек Изабеков тастыктады.

Изабеков Польшада өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон эле. Ал 46-50 жаш курак чегинде 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан. 

Күрөш федерациясынын вице-президенти Изабеков журналист Гүлдана Талантбековага спорттогу ийгилик сыры жана эмне үчүн сынакта Мелис Турганбаев үчүн сарсанаа болгонун айтып берди. 

— Сизде Польшадагы ардагерлер арасында сынакта жеңишке жетем деген ишеним болду беле?

— Бул менин ардагерлер арасында уткан экинчи медалым. Ичимден утам деп жаттым. Ал жактан эмне болуп кетерин, атаандашың ким экенин алдын ала билбейсиң да.

— Даярдыктар кандай болду. Канча күн даярдандыңыз?

— Жети-сегиз жылдан бери эле тынбай машыгып келебиз.

— Жети жыл!? Спортко аралашканыңызга ошончо эле жыл болдубу?

— Токсонунчу жылдары тогуз жашымда күрөшкө баргам. Атам спортчу болгондуктан анын каалоосу менен катышып, кийин кызыгып кеттим. Илгери эксперименттик деп күнүнө беш маал машыктырчу. Союз кезинде дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду багындыргам. Бирок оор машыгуудан улам 21 жашымда эле оорукчан болуп калдым. Спортту таштап, 20 жыл тыныгууда жүрдүм. Кан басымым ордуна келгенден кийин спортко кайтып келдим. Азыр ден соолугум ордуна келип, өзүмдү жакшы сезип калдым. Кыскасы спорт мени оорутуп туруп, кайра даарылап койду (күлүп).

— Спортко болгон кызыгуу күч болгон экен да?

Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев Чодронова, "Достуктагы" операция жана кылмыштуулук тууралуу айтты
— Кичинекей кезимде күнүнө он сааттан машыкчумун. Балдардай болуп ашыкча сүйлөп, эшикке басчу эмесмин. Мектепке да эс тарткандан кийин барбай койдум. Союз кезинде барбай деле жүрө берчүбүз. Ишенесизби, спорт үчүн энергиямды, басканды өзүмдөн аячумун. Азыркы эң көп машыгып жатат деген спортчудан үч эсе көп кылчу экенмин. Анан ошентип жүрүп эс алууну унутуп, жаш кезде каалоом аша чаап кетип ден соолугума доо кеткен. Көрсө, ар бир нерсенин чеги болот экен. 

— Ардагарлер арасында экинчи жолу алтын медаль алып жатасыз. Ошентсе деле атаандаштарды жеңүү кыйынга турса керек?

— Негизи бир жыл экинчисине окшобойт. Колум сынык болчу, операция кылдырганга жетишпей эле жөнөп кеткем. Эч ким билген жок. Атаандаштар билсе ал спортчунун алсыз жери болуп саналат. Көп мамлекеттерди ушул жылы беттешке киргизбей коюшту. Анткени былтыр Грецияда болгон беттеште чемпиондор ошол мамлекеттерде иштегени, бизнес кылганы калып калышыптыр. Маселен Ирандан бешөө калыптыр. Ошон үчүн Иран командасын катыштырбай коюшту. Эгер алар катышса спортчулардын отуз пайызын түзмөк. Ошого карабастан атаандаштар күчтүү болду. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧынарбек Изабеков: күрөштө кандай ыкма колдонгонуңду өзүң билбейсиң. Автоматтык ыкманын сыры тынбай машыгышың керек. Адамга сөз менен айтып койсоң эле үйрөнүп, чемпион болуп кетиши мүмкүн эмес
Кыргызстанский борец Чынарбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Чынарбек Изабеков: күрөштө кандай ыкма колдонгонуңду өзүң билбейсиң. Автоматтык ыкманын сыры тынбай машыгышың керек. Адамга сөз менен айтып койсоң эле үйрөнүп, чемпион болуп кетиши мүмкүн эмес

— Сиздин башка спортчулардан кандай өзгөчөлүгүңүз, айтпай колдонгон сырдуу ыкмаларыңыз бар?

— Меники автоматтык ыкма. Маселен машине айдап баратып, азыр тормозду же газды басам деп ойлонбойсуң да. Башкача айтканда, күрөштө кандай ыкма колдонгонуңду өзүң билбейсиң. Автоматтык ыкманын сыры тынбай машыгышың керек. Адамга сөз менен айтып койсоң эле үйрөнүп, чемпион болуп кетиши мүмкүн эмес. Айлап-жылдап көрсөтүшүң керек. Бул ыкмага келиш үчүн жүз миңдеп жасап машыкса да аздык кылат. 

— Мелис Турганбаев дагы сиздер менен барды. Сиздин көз карашыңызда анын күрөштөгү тактикасы, өзгөчөлүгү эмнеде экен?

— Алгач Мелис мырзанын атаандаштарын көргөндө сарсанаага батканбыз. Олбурлуу, бука моюн буура сан спортчулар болчу. Көрсө Мелис мырзанын өзгөчөлүгү чаалыкпастыгы тура. Аны оңою менен чарчатуу кыйын. Атаандаштары бат эле алдан тайып калып жатышты. Турганбаев өз мүмкүнчүлүгүнөн жакшы жыйынтыкка жетишти деп айта алам. 

— Атаандаштарын алдын ала видео аркылуу көрүп даярданган спортчуларга кандай көз караштасыз? Мында атаандашынын алсыз, талылуу жерин байкап издештирет экен.

— Ал даярдануунун бир түрү деп эсептейм. Мен деле кээде видеосун карап коем. Башкалар дагы бизге карап дайынданышат. Мурун Кыргызстан менен чыгат дегенди укканда сүйүнүшчү. Анткени баары бир утуп алабыз деп ойлошчу да. Азыр деңгээлибиз кудайга шүгүр. 

— 20 жыл тыныгууда жүрбөсөңүз көп ийгиликтерди багындырсаңыз керек. Билишимче балдарыңыз дагы өлкөнүн намысын коргоп жүрөт?

КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Асел Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Прима-балерина Айдарова: көпөлөктөй болуп эле жыргап бийлеп жүрөт деп ойлошот
— Нарынбек Изабеков, Атай Изабеков, Бекбол Изабеков — менин уулдарым. Көркөм гимнастика боюнча машыккан Айша Изабекова деген кызым бар. Бир гана ден соолук үчүн эмес, балдарыма, деги эле кичүү муунга стимул берейин деген ойдо спортко кайтып келдим десем жаңылышпайм.

— Үч балаңыздын ичинен ата катары, эмес машыктыруучу катары кайсынысы мыктыдай туюлат?

— Бирөөсүнө күч, экинчисине ылдамдык, үчүнчүсүнө амалкөйлүк берген. Же тескерисинче, бирөөсүнө ийкемдик, кубаттуулук жетишпейт дегендей. Карап отурсаң баарына бирдей бөлүштүрүлүп бергендей. 

— Агай кечиресиз, кулагыңыздагы жаракатты көрүп суроо узаткым келип турат. Муну "манты" деп коюшат турбайбы. Спортчулар "кулак баары бир сынат" деп атайылап жалпайтып сындырып салышат экен?

— Денемде негизи соо жерим жокко дейм. Баары күрөштүн кесепетинен болду. Бирок атайылап сындырыш кыйын. Бирөөнүкү сынса, экинчисиники сынбайт. 

— Тыныгуу учурунда эмне менен алектенип жүрдүңүз?

— Өндүрүш тармагында ишкерлик менен алектендик. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧынарбек Изабеков: азыр кырк жетидемин. Америкада 63 жаштагылар деле жаштар арасында күрөшөт экен. Аларда чектөө жок. Артынан карасаң жыйырма жаштагыдай, бери караса абышкалар
Кыргызстанский борец Чынарбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Чынарбек Изабеков: азыр кырк жетидемин. Америкада 63 жаштагылар деле жаштар арасында күрөшөт экен. Аларда чектөө жок. Артынан карасаң жыйырма жаштагыдай, бери караса абышкалар

— Ишкерлик кылсаңыз, спортто дагы ордуңуз бар болсо, саясатка аралашайын деген оюңуз жокпу?

— Саясатка аралашпай эле спортчуларга колдоо көрсөтүп, жардам берип жүрөм. Буюрса ушул жол менен эле кетем. 

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Жаңы зал ачканбыз. Ал жерге чет жерде жүргөн биздин машыктыруучуларды жана олимпиадага, же түрдүү сынактарда байгеге жакындашкан улан-кыздарды машыктыруучу катары чакырганы жатабыз. Бул жаш спортчулар үчүн чоң стимул болоруна ишенем. Мыкты машыктыруучулар күчтүү спортчуларды даярдай алат. Ушундай жол менен биз спортту дүйнөлүк деңгээлге көтөрө алабыз. Намаз окуйм. Хадисте өзүңдүн үйрөнгөнүңдү башкаларга да үйрөтүп берип кетишиң керек деп айтылат. Сүннөт болот экен.

— Эми спортто дагы канча жыл кармаласыз?

— Жараткан канча күч кубат берсе ошончо жыл болом. Азыр кырк жетидемин. Америкада 63 жаштагылар деле жаштар арасында күрөшөт экен. Аларда чектөө жок. Артынан карасаң жыйырма жаштагыдай, бери караса абышкалар (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0