Жети дубандын милиция кызматкерлери алыш күрөшү боюнча беттешти

Жазылуу
Байгелүү орундарга ээ болгон кызматкерлерге баалуу белектер ыйгарылды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда Ички иштер министрлиги уюштурган алыш күрөшү боюнча биринчилик аяктаганын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Тартип коргоочулар арасындагы мелдеш милицияын туңгуч генерал-майору Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналып 21-22-октябрь аралыгында өттү.

"Беттешке жети дубандан келген милиция кызматкерлери катышты. Натыйжада, 1-орунду Жалал-Абад облустук ИИБи, 2-орунду Талас облустук ИИБи жана 3-орунду Ош облустук ИИБи камсыздады", — деп айтылат маалыматта.

Байгелүү орундарга ээ болгон милиция кызматкерлерине баалуу белектер ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0