Кипрде өткөн турнирде кыргызстандык жаш спортчулар 11 медаль алышты

Жазылуу
Медалдардын бешөө алтын, төртөө күмүш жана экөө коло. Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышкан.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жаш спортчулар Лефкош шаарында (Кипр) доктор Фазыл Күчүктүн байгесине уюштурулган жаштар арасындагы эл аралык турнирде 11 медаль алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Мелдеш 20-22-октябрда өтүп, анда 16 жашка чейинкилер күч сынашкан. Он мамлекеттен келген спортчулар биринчилик үчүн ат салышкан. Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышкан.

Алыш күрөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети дубандын милиция кызматкерлери алыш күрөшү боюнча беттешти
Алты медалды таэквондочулар уткан. Айдар Эржигит (54 кг. чейин) Бексултан Маматкасым уулу (62 кг. чейин) жана Чолпонай Нуратова (57 кг. Чейин) алтынды багындырган. Ал эми Гүлзат Арапбаева (55 кг. чейин) жана Минажидин Матназаров (54 кг. чейин) күмүш медаль алышты. Ал эми Өмүрбек Апатаров (73 кг. чейин) коло байге алган.

Стол теннисиндеги жуптук оюнда кыздар коло медаль алышкан.

Андан сырткары эркин күрөш боюнча кыргызстандык спортчулар төрт медаль утушкан. Бексултан Абдинасир уулу (50 кг. чейин) жана Эдиль Кадырбек уулу (58 кг. чейин) алтын медаль утушса, Нурхан Жусупов (63 кг. чейин) менен Нуртилек Кадырбаев (69 кг. чейин) коло байгеге татышкан. Ошентип жалпы жыйынтык боюнча кыргызстандык спортчулар 11 медаль алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0