Филиппин жана Бахрейн менен беттеше турган КРдин футбол тобу аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековМашыгып жаткан футболчулар. Архив
Машыгып жаткан футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттешке карата машыгуулар 1-ноябрдан тарта башталат. Ата мекендик топтун курамына 23 футболчу кирди. Оюн чет мамлекетте өтөт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама тобунун машыктыруучусу Александр Крестинин Бахрейн менен Филиппинде өтө турган жолдоштук оюнга бара турган команданын курамын аныктады. 

Оюн чет мамлекетте өткөрүлөт. Биринчи беттеш 9-ноябрда филиппиндиктер менен болсо, экинчиси 16-ноябрда Бахрейн курама тобу менен болот. Ал эми 1-ноябрда оюнга даярдык катары машыгуулар башталат. 

Кыргызстандын курама тобунда ойной турган футболчулардын тизмеси төмөнкүдөй болду. 

Дарбазачылар:

Павел Матяш ("Алга"), Валерий Кашуба ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата).

Коргоочулар:

Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
КРдин футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде рекорд койду
Темирлан Козубаев ("Дордой"), Валерий Кичин ("Енисей", Россия), Виктор Майер ("Эммен", Голландия), Ильяз Алимов ("Алай"), Данила Сокирченко, Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев (үчөө тең "Абдыш-Ата"), Азамат Байматов ("Аль-Риффа", Бахрейн).

Жарым коргоочулар:

Бахтияр Дүйшөбеков ("Егирдиспор", Түркия), Фархат Мусабеков (крымдык "ТСК-Таврия"), Эдгар Бернхардт ("Роденхаузен", Германия), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (үчөө тең "Дордой"), Павел Сидоренко ("Алга"), Одил Абдурахмонов ("Алай"), Ахлидин Исраилов ("Днепр Черкасы", Украина).

Чабуулчулар: 

Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Мирлан Мурзаев ("Ушакспор", Түркия), Виктор Кельм ("Бежания", Сербия).

Жаңылыктар түрмөгү
0