Криштиану Роналду "Реал Мадрид" менен келишимин узартты

© REUTERS / SERGIO PEREZ"Реал Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Криштиану Роналду машыгуу учурунда
Реал Мадрид футболдук клубунун оюнчусу Криштиану Роналду машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун клуб менен буга чейин түзгөн келишими 2018-жылы аяктамак. Жаңы келишим 2021-жылга чейин узартылды.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. "Реал Мадрид" футболдук клубу атактуу футболчу Криштиану Роналду менен келишиминин мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты кабарлайт. 

Алтын топ сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Алтын топтун" талапкерлери. Сүйүктүү футболчуңа добуш бер
Келишимге кол коюу аземи бүгүн "Сантьяго Бернабеу" стадионунда клубдун президентинин катышуусунда болот. 

Спортчунун клуб менен буга чейин түзгөн келишими 2018-жылы аяктамак. Ал эми жаңы келишим 2021-жылга чейин түзүлдү.

Португалиялык Криштиану Роналду 2009-жылдан бери "Реал Мадрид" клубунда ойноп келет. Аталган клубдун курамында эки ирет Чемпиондор лигасын утууга жетишкен. 

Белгилей кетсек, Роналду быйылкы жыл боюнча алтын топко ат салышкандардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0