Исановдун элесине арналган бокс беттешине бардык облустун спортчулары катышты

© SputnikСоревнования по боксу в городе Кочкор-Ата
Соревнования по боксу в городе Кочкор-Ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага Кыргызстандын жети облусунан келген спортчулардан тышкары Тажикстандан 11 мушкер катышты. Беттешке 205 спортчу 16 салмак категориясы боюнча күч сынашкан.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы премьер-министр Насирдин Исановдун жаркын элесине арналган бокс боюнча мелдеш Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында өткөнүн кабарчыбыз жеринен билдирди.

Ага Кыргызстандын жети облусунан келген спортчулардан тышкары Тажикстандан 11 мушкер катышты. Беттешке 205 спортчу 16 салмак категориясы боюнча күч сынашкан.

Бокс кол байпактары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Биринчи ирет нокаутка түшкөн шотландиялык мушкер өзүнө келе албай көз жумду
Шаар мэри Кубанычбек Эгембердиев кылмыштуулуктун алдын алууда спорттун мааниси чоң экенин баса белгиледи. 

Жеңүүчүлөр аныкталып, аларга грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Медалдардын саны боюнча алдыңкы сапка Жалал-Абад облусу чыкса, экинчиге Баткен, үчүнчү орунду Нарындын боксчулары ээлешти.

Ал эми Тажикстандан келген мушкерлер бир алтын, эки күмүш медаль менен кайтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0