Бишкекте балдар арасында күрөш боюнча турнир өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча чемпионат. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстан менен Казакстандын 200 спортчусу катышат. Уюштуруучулар учурда Тажикстандын жообун күтүп жатат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Балдар арасындагы эркин жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир Бишкекте өтө тургандыгын Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Турнир 18-20-ноябрь аралыгында Раатбек Санатбаев атындагы адистешкен балдар жана өспүрүмдөр мектебинде өткөрүлөт. 

"Иш-чара Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Александр Ремезовдун элесине арналган. Мындай турнир жыл сайын өткөрүлүп келет", — деп айтылат маалыматта. 

Мелдешке Кыргызстан менен Казакстандын 200 спортчусу катышат. Уюштуруучулар Тажикстандын жообун күтүп жатат. 

Медалдар сегиз салмактык категорияда ойнотулат. Байгелүү орундарга ээ болгондор диплом, медаль жана баалуу белектерге ээ болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0