Токиодо өткөрүлгөн балдар арасындагы оор атлетика боюнча чемпионатта үчүнчү орунду ээлеген кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков

Балбан Бекдөөлөт Расулбеков Токиодогу мелдеште коло медалга ээ болду

86
Мелдешке Кыргызстандын курама командасынан төрт спортчу катышкан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан 16-ноябрына чейин Токиодо өткөрүлгөн балдар арасындагы оор атлетика боюнча чемпионатка катышкан кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков коло медалга ээ болду. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке Кыргызстандын курама командасынан 4 спортчу катышкан.

Кыргызстандык жаш спортчу мелдеште юниорлор арасындагы 94 салмак категориясында штанганы "жулкуп көтөрүп" 3-орунду камсыз кылган.

Расулбековдон тышкары аталган таймашка Кадырбек Айтпеков, Раушан Чолпонбек кызы жана Азиза Адылбек кызы да катышкан.

Эске салсак, аталган чемпионат 2020-жылы Японияда өткөрүлө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өтүүдө.

86
Белгилер:
спортчу, медаль, чемпионат, Токио
Тема боюнча
Букмекерлер Кыргызстандын футболчулары Бахрейнди утарына ишенбейт
Интернет колдонуучулар өлкөнүн мыкты футболчуларын аныктоодо
Пикирлер