Шевченко Lion Fight Promotions менен супер келишим түздү

© Фото / пресс-служба Федерации тайского бокса в КРЭрежесиз мушташтын ар кандай түрлөрү боюнча дүйнөнүн чемпиону кыргызстандык Антонина Шевченконун архивдик сурөтү
Эрежесиз мушташтын ар кандай түрлөрү боюнча дүйнөнүн чемпиону кыргызстандык Антонина Шевченконун архивдик сурөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн келишимге ылайык, Шевченко тай боксу менен мушташып, бир катар чемпиондук титулдарга ар кандай салмакта көрсөтүлө алат.

БИШКЕК, 18-ноя.— Sputnik. Эрежесиз мушташтын ар кандай түрлөрү боюнча дүйнөнүн чемпиону кыргызстандык Антонина Шевченко Lion Fight Promotions эл аралык таймаш уюму менен мультифайт-келишимин түздү. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты билдирди.

Кыргызстандык спортчу, күрөштүн аралаш түрлөрү муайтай жана кикбоксинг боюнча бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченко беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко америкалык балбандарга мастер-класс өтөт
Бул Шевченконун аталган уюм менен түзүлгөн алгачкы келишими эмес. Жаз айында ал жөнөкөй келишим түзүп Lion Fight турнирине катышып, чемпион аталган. Бүгүн Шевченко АКШда өтө турган беттеште голландиялык Илона Вийманс менен салгылашат.

Түзүлгөн келишимге ылайык, Шевченко тай боксу менен мушташып, бир катар чемпиондук титулдарга ар кандай салмакта көрсөтүлө алат.

"Мен Lion Fight уюму менен келишим түзгөнүмө кубанычтамын. Мага федерациянын жетекчиси чоң мүмкүнчүлүк берди", —деп жазылат Шевченконун сөзү аталган федерациясынын расмий сайтында.

Lion Fight Promotions компаниясы 2010-жылы түзүлүп, профессионалдар арасында тай бокс мелдешин уюштуруп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0