Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстандын мыкты футболчусу менен чабуулчулары белгилүү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең өлкөнүн мыкты футболчулары ким болгону аныкталат. Он номинация боюнча жеңүүчүлөрдүн аттары азыр сыр катары сакталууда.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн мыкты футболчусу болом деген оюнчулардын аттары 26-ноябрда белгилүү болорун КР Футбол федарациясынын маркетинг, PR жана медиа департаментинин жетекчиси Анна Осмоналиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болгон жыйында билдирди. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевКР Футбол федарациясынын маркетинг, PR жана медиа департаментинин жетекчиси Анна Осмоналиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда
Итоговая пресс-конференция федерации футбола Кыргызстана в пресс-центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
КР Футбол федарациясынын маркетинг, PR жана медиа департаментинин жетекчиси Анна Осмоналиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда

Анын айтымында, 26-ноябрда FFKR Football Awards сыйлыктарын тапшыруу аземи өтөт. 10 номинация боюнча жеңүүчү деп табылгандардын аттары эртең белгилүү болот.

"Ошентсе да бир аз сырларын ачалы. Бизде "Мыкты чабуулчу" менен "Мыкты футболчу" категориясында экиден наам берилет. Ага улуттук курамадагы гана оюнчулар болбостон, өлкө чемпионатында ойногон футболчулар да кирет. Эң мыкты чабуулчу болуу үчүн Алиа Силла, Максат Алимов, Мирбек Акматалиев ат салышууда. Эң мыкты оюнчу болуу үчүн аракет кылгандардын арасында Валерий Кичин, Эдгар Бернхардт, Ислам Шамшиев, Валерий Кашуба жана Мирлан Мурзаев бар. Азыр атаандашуу күч. Андыктан ким мыкты болгонун эртең билесиңер", — деди Осмоналиева.

Ал эми эң көп гол киргизген оюнчулардын баары өлкө чемпионатында ойношкон. Мисалы "Алайдын" курамында ойногон Силла 21 гол киргизсе, Алимов 15 гол киргизген. "Дордойдун" оюнчусу Акматалиев атаандашынын дарбазасына дагы 15 топту киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0