Атамбаевдин күйөө баласы Футбол федерациясынын президенти болуп кайтадан шайланды

© Фото / пресс-служба ФФКРПрезидент ФФКР Семетей Султанов
Президент ФФКР Семетей Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Султановдун талапкерлигин федерациянын 50 аймактагы өкүлдөрүнүн бардыгы колдогон. Футбол федерациясынын президенти 4 жылга шайланат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп кайтадан Семетей Султанов шайланганын федерациядан билдиришти.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчулары атамекендик компаниялардын жүзү боло баштады
Жаңы президентти шайлоо жекшемби күнү өткөн. Султанов жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн.

Анын талапкерлигин федерациянын 50 аймактагы өкүлдөрүнүн бардыгы колдогон. Футбол федерациясынын президенти 4 жылга шайланат.

Султанов бул кызматка биринчи жолу 2012-жылы шайланган. Ал баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Алымбай Султановдун баласы жана Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0