Кыргызстандын күрөшчүлөрү Бакуда өткөн мелдеште коло байге алышты

© Фото / официальный сайт Объединенного мира борьбыКыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гейдар Алиевдин жаркын элесине уюштурулган бул турнирге 49 мамлекеттен 500 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан жети балбан барган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар грек-рим күрөшү боюнча турнирде коло байгеге татыды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Дем алыш күндөрү Баку шаарында эркин күрөш, грек-рим жана аялдар арасындагы күрөш боюнча мелдеш өтүп, ал Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналган. 

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык күрөшчү Руслан Царев
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Руслан Царев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык күрөшчү Руслан Царев

Бул турнирге 49 мамлекеттен 500 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан жети балбан машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында катышкан.

Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык Руслан Царев (75 кг. чейин) менен Каныбек Жолчубеков (59 кг. чейин) коло байге тагынышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0