Бишкекте дзюдо боюнча "Хан Манас" турнири башталат

© REUTERS / Wolfgang RattayТурнир по дзюдо в Дюссельдорфе
Турнир по дзюдо в Дюссельдорфе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Хан Манас" турнири ушуну менен жетинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы командалык жарышта казактар алдына ат салдырган эмес.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн саат 16:00дө Бишкек шаарында дзюдо боюнча эл аралык турнир башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. 

"Хан Манас" аталышындагы турнир 3-4-декабрь күндөрү "Арча-Бешиктеги" жаңы курулган спорт комплексинде өтөт. 

"Мелдешке Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан, Азербайжан, Түркия, Монголия, Пакистан, Түркмөнстан, Түштүк Корея жана Кыргызстандын 400гө чукул спортчулары катышат", — деп жазылат маалыматта. 

"Хан Манас" турнири ушуну менен жетинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы командалык жарышта казактар алдыга ат салдырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0