Валентина Шевченконун 2017-жылдагы биринчи атаандашы белгилүү болду

© AP Photo / Nam Y. HuhБой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Валентина Шевченконун эмки мелдеши 2017-жылдын 28-январында АКШнын Колорадо штатында UFC on Fox 23 алкагында өтөт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу, аралаш мушташ искусствосу боюнча бир нече жолку дүйнө чемпиону Валентина Шевченко UFC (The Ultimate Fighter) турниринин 18-сезонунун жеңүүчүсү Жулианна Пена менен беттешет. Бул тууралуу маалымат MMA Fighting уюмунун расмий сайтына жарыяланды. 

Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Антонина Шевченко чемпиондук титулун сактап калды
Маалыматта айтылгандай беттеш 2017-жылдын 28-январында АКШнын Колорадо штатында UFC on Fox 23 алкагында өтөт. 

Эки спортучунун беттешери тууралуу мурдатан айтылып келген. Бирок венесуэлалык спортчу Шевченко менен жолугуудан качып, акыркы билдирүүлөрүндө 12-ноябрда Нью-Йоркто өтөт деп пландалган UFC 205 таймашы Пенанын өзү менен макулдашылбаганын айткан. 

Жулианна Пена Ultimate Fighting Championship (UFC) клубунун атынан 4 жолу чемпион болуу менен өз рекордунан ашып түшүп, акыркы жолу UFC — The Ultimate Fighter 18 турниринин жеңүүчүсү аталган. 

Ал эми кыргызстандык спортчунун эсебинде эки утуш, бир жеңилүү бар. 

Ultimate Fighting Championship — Түндүк Америка, Европа жана Азия өлкөлөрүндө аралаш шарттар менен таймаштарды өткөргөн спорттук уюм. Башкы кеңсеси АКШнын Лас-Вегас шаарында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0