Кыргыз спортчулары Казакстанда өткөн триатлон таймашында 2 алтынды илип кетти

© Фото / пресс-служба Федерации триатлона КыргызстанаКыргызстанские спортсмены на открытом чемпионате Indoor Triathlon World Class Open 2016 в Казахстане
Кыргызстанские спортсмены на открытом чемпионате Indoor Triathlon World Class Open 2016 в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү Indoor Triathlon World Class Open 2016 ачык чемпионаты өткөрүлдү. Анда 60 чакты спортчу катышкан.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандык триатлеттер Indoor Triathlon World Class Open 2016 ачык чемпионатынан үч медаль менен кайтты. Алардын экөө алтын болсо, үчүнчүсү — күмүш. Бул тууралуу Кыргызстандын Триатлон федерациясынан кабарлашты. 

Кыргызстандык Александр Требунский Казанда өткөн алыска чуркоо мелдешинде алтын медалга ээ болду - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жөө күлүк Казанда өткөн мелдеште алтын медаль алды
Indoor Triathlon World Class Open 2016 аталышындагы ачык чемпионат бейшемби күнү өткөрүлъп, ага 60 чакты спортчу катышкан. Кыргызстандын атынан Андрей Ханадеев менен Евгений Требунский аттуу машыктыруучулар жетектеген 11 спортчу барган. 

Таймаш суперспринт дистанциясында өткөн: сууга сүзүү — 400 метр, велосипед тебүү — 15 чакырым жана чуркоо — 3 чакырымга белгиленген. 

30-39 жаштагы аялдар арасында биринчи орунду КР спортчусу Юлия Фернас ээлесе, 18-29 жаштагылар арасындагы таймашта экинчи орунду кыргызстандык Айзада Тыналиева ээлеген. Эркектер арасында кыргызстандык триатлет Тимерлан Айтимбетов чемпион аталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0