Кыргызстандык футболчу кыздар Мьянма, Таиланд, Палестина менен беттешет

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз-келиндер арасында футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо туру 20-декабрдан 24-декабрга чейин Мьянманын Янгон шаарында өткөрүлөт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы 2017-жылкы Азия чемпионатынын тандоо турунда Мьянма, Таиланд жана Палестина өлкөлөрү менен беттеше турган болду. Бул тууралуу Футбол федерациянын маалымат кызматы билдирди. 

Кыз-келиндер арасында футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо туру 20-декабрдан 24-декабрга чейин Мьянманын Янгон шаарында өткөрүлөт.

"Чучу кулактын жыйынтыгында Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы "С" тайпасында ат салышмай болду", — деп жазылат маалыматта.

Футболист Мирлан Мурзаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын курамасы FIFA рейтингинде эки тепкичке көтөрүлүшү мүмкүн
Башкы машыктыруучу мелдешке бара турган оюнчуларды тизмектеген. Алар: дарбазачылар — Юлия Ломакова, Ангелина Гайер, Лоида Сагынбекова. 

Коргоочулар — Алтынай Байзулдаева, Адинай Кылычбек кызы, Елизавета Подскребко, Ширин Анибарова, Кенже Асанакунова, Айзат Арабидин кызы, Баяна Келишова. 

Жарым коргоочулар: Өмүркан Токтогулова, Керемет Исмаилова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бибинур Романова, Бактыгүл Токтоболотова, Насибахон Анарбаева, Виктория Далингер, Гаухар Мурзалиева, Алтынай Курманалиева.

Чабуулчулар: Сетора Султанова, Малика Кадырова, Айжан Боронбекова, Шахноза Ибраимова.

Жаңылыктар түрмөгү
0