Жаңы жыл алдында КРдин волейболчулары Бангладешке кетишти

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол топтору. Архив
Волейбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар Азиянын чемпионатында республиканын намысын коргошот.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Волейбол боюнча улуттук курама Азиянын чемпионатына катышат. Бул тууралуу КРдин Волейбол боюнча федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 20-28-декабрт күндөрү Дакка (Бангладеш) шаарында өтөт.

Международный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчулар "Алыш" күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында биринчи болду
Даккага Кыргызстандын курама командасынан 10 оюнчу кетти. Алар кураманын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудиновдун жетекчилиги алдында ойношот. Бул жылы таймашка тогуз өлкөнүн командалары катышаары күтүлүүдө. 21-декабрда турнирдин чучу кулагы болот.

Кыргызстандын курама командасы 2015-жылы биринчи жолу Азиянын зоналдык чемпионатына чыккан. Анда бешинчи орунду ээлеген. 

2016-жылы кыргызстандык команда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда Бангладеш жана Мальдив аралдарын жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0