Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде жогорулады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингдин алдыңкы үч сабы өзгөрбөстөн калып, аны Аргентина, Бразилия жана Германия ээлеп турат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 122-орунга ээ болуп, Футболдун эл аралык ассоциациясынын (FIFA) тизмесиндеги абалын жакшыртты.

Президент ФФКР Семетей Султанов - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин күйөө баласы Футбол федерациясынын президенти болуп кайтадан шайланды
Эскерте кетсек, өткөн айдын рейтингинде 124-орунду ээлеп келген. Декабрдын жыйынтыгы менен 9 сапка көтөрүлүп, 92-орунга чыккан Руанда командасы мыкты деп аталды. Ал эми 26 орунга төмөндөп, 151-сапка түшүп кеткен Кубанын курамасы эң начар команда деп табылды.

Рейтингдин алдыңкы үч сабы өзгөрбөстөн калып, аны Аргентина, Бразилия жана Германия ээлеп турат.

Кыргызстандын футболчулары декарбда бир да оюн өткөргөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0