FIFA версиясы боюнча Криштиану Роналду 2016-жылдын мыкты оюнчусу деп табылды

© AP Photo / Francisco Seco«Реал Мадрид» менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду
«Реал Мадрид» менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Португалиялык бул атактуу адамга сыйлык 2016-жылдын жыйынтыгы менен тапшырылды. Мындан бир аз мурдарак убакыт “Алтын топтун” ээси болгон.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. "Реал Мадрид" менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Футбол боюнча эл аралык федерациянын (FIFA) аныктоосу менен мыкты оюнчу деп табылды.

© AFP / FABRICE COFFRINI"Реал Мадрид" менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Футбол боюнча эл аралык федерациянын (FIFA) аныктоосу менен мыкты оюнчу деп табылды
Реал Мадрид менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Футбол боюнча эл аралык федерациянын (FIFA) аныктоосу менен мыкты оюнчу деп табылды - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Реал Мадрид" менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Футбол боюнча эл аралык федерациянын (FIFA) аныктоосу менен мыкты оюнчу деп табылды
© AFP / FABRICE COFFRINIСыйлык тапшыруу салтанаты дүйшөмбүдө Цюрихте (Швейцария) өттү. Бул наам үчүн аргентиналык Лионель Месси ("Барселона") жана "Атлетико Мадриддин" оюнчусу, француз Антуан Гризманн да ат салышкан
Сыйлык тапшыруу салтанаты дүйшөмбүдө Цюрихте (Швейцария) өттү. Бул наам үчүн аргентиналык Лионель Месси (Барселона) жана Атлетико Мадриддин оюнчусу, француз Антуан Гризманн да ат салышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Сыйлык тапшыруу салтанаты дүйшөмбүдө Цюрихте (Швейцария) өттү. Бул наам үчүн аргентиналык Лионель Месси ("Барселона") жана "Атлетико Мадриддин" оюнчусу, француз Антуан Гризманн да ат салышкан
© AFP / FABRICE COFFRINIМыкты оюнчуну ФИФАнын колдоосу астында ойногон улуттук курама командалардын капитандары менен машыктыруучулар аныктады.
Мыкты оюнчуну ФИФАнын колдоосу астында ойногон улуттук курама командалардын капитандары менен машыктыруучулар аныктады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мыкты оюнчуну ФИФАнын колдоосу астында ойногон улуттук курама командалардын капитандары менен машыктыруучулар аныктады.
1/3
"Реал Мадрид" менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Футбол боюнча эл аралык федерациянын (FIFA) аныктоосу менен мыкты оюнчу деп табылды
2/3
Сыйлык тапшыруу салтанаты дүйшөмбүдө Цюрихте (Швейцария) өттү. Бул наам үчүн аргентиналык Лионель Месси ("Барселона") жана "Атлетико Мадриддин" оюнчусу, француз Антуан Гризманн да ат салышкан
3/3
Мыкты оюнчуну ФИФАнын колдоосу астында ойногон улуттук курама командалардын капитандары менен машыктыруучулар аныктады.

Сыйлык тапшыруу салтанаты дүйшөмбүдө Цюрихте (Швейцария) өттү. Бул наам үчүн аргентиналык Лионель Месси ("Барселона") жана "Атлетико Мадриддин" оюнчусу, француз Антуан Гризманн да ат салышкан.

Мыкты оюнчуну ФИФАнын колдоосу астында ойногон улуттук курама командалардын капитандары менен машыктыруучулар аныктады.

Криштиану Роналду былтыр «Реалдын» курамында ойноп, Чемпиондор лигасын, Европанын Супер кубогун жана дүйнөнүн клубдук чемпионатынын олжосун утуп алган. Андан сырткары Португалия курмында ойноп, Европанын чемпиону болгон.

Испаниянын Реал Мадриди дүйнөнүн клубдук чемпиону Кубогун жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
"Реал Мадрид" — дүйнөнүн клубдук чемпиону болду
Салтанатта мыкты машыктыруучу да аныкталып, ал наамга англиялык премьер-лигада «Лестер Сити» командасы менен жеңишке ээ болгон италиялык Клаудио Раньериге татыды. Бул сыйлыкка «Реалдын» насаатчысы Зинедин Зидан жана Португалиянын курама командасынын машыктыруучусу Фернанду Сантуш да ат салышкан.

Ал эми аялдар арасындагы курама командалардын машыктыруучуларынын ичинен германиялык футболчу кыз-келиндердин насаатчысы Сильвия Найд мыкты деп табылды.

Аялдардын арасынан жылдын мыкты футболчусу наамы Карли Лллойдго берилди.

Былтыркы жылдын эң сонун голунун ээси деп "Пулау Пинанг" (Малайзия) командасы үчүн ойногон Фаиз Субри аныкталды. Ага сыйлыкты бразилиялык футболдун жылдызы Рональдо тапшырды.

2016-жылдын символикалык курама командасы:

  • Мануэль Нойер («Бавария", Германия);
  • Дани Алвес ("Ювентус", Италия);
  • Жерар Пике ("Барселона", Испания);
  • Серхио Рамос, Марсело, Лука Модрич, Тони Кроос, Криштиану Роналду (баары тең — "Реал", Испания);
  • Андрес Иньеста, Лионель Месси, Луис Суарез (баары тең — "Барселона", Испания).

Айтмакчы, бул жылы жогорудагы командагы Гризманн кирбей калды.

Сыйлык тапшыруу учурунда "Барселона" командасы толугу менен катышкан жок. FIFA сыйлыгы 2010-жылга чейин сезондун жыйынтыгы менен тапшырылып келген. 2010-жылдан тарта менен “Алтын топ” бириккен. Ал эми өткөн жылдын сентябрынан тарта кайрадан өз-өзүнчө тапшырыла баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0