Швейцарияда оор атлетчи Иззат Артыковдун иши боюнча сот болду

© AFP / GOH Chai HinОлимпиада 2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг
Олимпиада 2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан допинг колдонду деген жүйө менен Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиададагы коло байгесинен ажыратылган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Швейцариянын Лозанна шаарында оор атлетчи Иззат Артыковдун иши боюнча сот болгонун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Сотко Артыков менен Кыргызстандын оор атлетика боюнча вице-президенти Улан Молдодосов катышкан. Ошондой эле Мамлекеттик спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкулов менен Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов онлайн түрүндө сотко катышкан.

Чучук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спорт дарыгери чучук менен тамекиде стрихнин допинги бар деген божомолго жооп берди
Азырынча соттун чечими белгилүү боло электигин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады. Сот бир нече саатка созулган.

Эске салсак, Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу катышкан. Алардын ичинен байгелүү орунга Иззат Артыков гана жетип, коло медаль тагынган. Бирок, 18-августта спорт арбитраждык соту Дүйнөлүк допинг агенттигинин (WADA) маалыматына таянып аны байгесинен ажыраткан. Маалыматка ылайык, Артыковдун анализдеринен тыюу салынган стрихнин заты табылган.

Ал эми 2016-жылдын октябрында оор атлетика боюнча эл аралык федерация (IWF) Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынан төрт катышуучуну, анын ичинде Иззат Артыковду антидопинг эрежелерин бузганы үчүн дисквалификациялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0