КРдин жаштар курамасынын бир оюнчусу Индиянын футбол клубуна кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболисты во время товарищеского матча. Архивное фото
Футболисты во время товарищеского матча. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бектур Талгат уулу Индиянын "Черчилль Бразерс" футбол клубу менен жыңы жылга чейин келишим түзгөн.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасынын жарым коргоочусу (U-22) Бектур Талгат уулу Индиянын "Черчилль Бразерс" (ChurchillBrothers) клубуна өтүп жатканын өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Бул кабарды Футбол боюнча федерациясынын маалымат кызматы да ырастады. 

Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
FIFA рейтингинде Кыргызстан эки сапка ылдыйлады
Бектур Индиянын "Черчилль Бразерс" футбол клубу менен жыңы жылга чейин эле келишим түзгөн. 

22 жаштагы оюнчу "Абдыш-Ата" футбол клубунда тарбияланып чыккан. 2016-жылдын июль айынан ушул күнгө чейин жергиликтүү "Алга" клубунда ойногон. Буга чейин (2014-жыл апрель, — 2015-жыл январь) казакстандык "Астана-1964" клубунун биринчи лигасында ойногон. 

Hero I-League индиялык футбол лигасында"Черчилль Бразерс" менен "Ист Бенгал" командалары беттешет. Ал командада Кыргызстандын башкы курамасынын чабуулчусу Ильдар Амиров ойнойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0