Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын намысын 33 спортчу коргойт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЛыжачы жарыш учурунда. Архив
Лыжачы жарыш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндарга 30 мамлекеттен келген спортчулар спорттун 11 түрү боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Сегизинчи жолу өткөрүлүп жаткан Кышкы Азия оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын атынан 33 спортчу катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Оюн 19-26-февралда Япониянын Саппоро шаарында өтөт. 30дан ашык мамлекеттен келген 1500дөй спортчу катышат.

Кыргызстандык спортчулар спорттун төрт түрү — хоккей, көркөм муз тебүү, тоо лыжасы жана биатлон боюнча катышат. Жалпысынан спорттун 11 түрү боюнча 65 комплект медаль ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0