Крестинин: Азия кубогунун тандоо турунда тайпада жеңүүчү болушубуз керек

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин
Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан кийинки турга өтүш үчүн үч команда менен беттешет.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун квалификациялык оюндарында тайпадан жеңүүчү болуп чыгышы керек. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы башкы машыктыруучу Александр Крестининге шилтеме берүү менен билдирди.

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмиратында Азия кубогу-2019 оюндарынын тандоо туру үчүн чучукулак кармалды. Анда Кыргызстандын курамасы Индия, Мьянма жана Макао мамлекеттеринин курама командалары менен беттешет.

Крестинин чучулактын жыйынтыгына эмес, футбол талаасында көрсөткөн оюндун жыйынтыгына кубануу керектигин айтты.

"Биз башкаларга салыштырмалуу күчтүүбүз. Бирок футбол талаасында бардыгы болуп кетиши мүмкүн. Атаандаштарыбызды утуп, тайпадан жеңүүчү болуп чыгышыбыз керек. Бир тараптан алганда биздин тайпада кошумча квалификациялык оюндарды ойногон командалар бар.  Алардын ортосунда экинчи орунга чыгуу үчүн олуттуу күрөш болот", — деди Крестинин.

Башкы машыктыруучу бардык үч команданын мүмкүнчүлүгү бирдей экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0