Айсулуу Тыныбекова Россиядагы эл аралык мелдеште алтын тагынды

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу кыз Россия менен монголиялык төрт атаандашын артка таштап, финалда алтын медаль алды.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова "Иван Ярыгин-2017" деп аталган Россиядагы эл аралык мелдештин Гран-при турниринде алтын медаль тагынды. Бул туурасында маалымат Россиянын спорттук күрөштөр боюнча федерациясынын сайтына жайгаштырылды.

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Букмекер: Шевченконун UFC турнириндеги беттеште жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору
Голден деп аталган сериядагы Гран-при турниринде эркин жана аялдар арасындагы күрөш абдан маанилүү болуп эсептелет. Ярыгин 1990-жылы СССРдин спорт чебери, олимпиаданын эки жолку чемпиону болгон. Турнир бүгүн Красноярск шаарында башталды.

Тыныбекова квалификациялык раундда 58 салмактагы атаандашы менен беттешип, россиялык Мария Матюшенкону, ал эми 1/4 финалда дагы россиялык спортчу Екатерина Вьюнованы жеңди. Жарым финалда монголиялык Гантуй Энкхбатка үстөмдүк кылып, финалда кайрадан россиялык Вероника Чумикованы 13:3 эсебинде жеңди.

48 килограмм салмактагы дагы бир кыргызстандык кыз Мадина Надырова 1/8 финалга чейин жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0