Бишкектин "Дордой" командасы Түркмөнстанда машыгууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч туркменского клуба "Балкан" с бишкекским "Дордоем" в рамках квалификации на Кубок Азиатской конфедерации футбола
Матч туркменского клуба Балкан с бишкекским Дордоем в рамках квалификации на Кубок Азиатской конфедерации футбола - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балканабад шаарында Кыргызстан менен Түркмөнстандын клубдары беттешет. Алардын биринчи беттеши 1:1 эсебинде аяктаган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" командасы Түркмөнстандын Балканабад шаарында машыгып жатат. Алар жергиликтүү "Балкан" командасы менен оюн көрсөтө турганын команданын маалымат кызматы билдирди.

День рождения футболистов Криштиану Роналду и Неймар - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң кымбат 10 футболчу аныкталды
Азия конфедерациясынын тандоо раунддарындагы беттеш 7-февралда өтөт. Биринчи беттеш 31-январда Ош шаарында өтүп, эсеп 1:1 эсебинде аяктаган.

Бишкектин футбол клубу Ашхабадга 3-февралда учуп кеткен. Команданын курамында 27 оюнчу бар.

АФК кубогу — Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0