КР курама командасы FIFA рейтингинде ордун сактап калат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде 99-орунга чейин көтөрүлүп рекорд жаңылаган. Бирок андан бир аз узабай эле алдыңкы жүздүккө да кирбей калган.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы февраль айындагы FIFA рейтингинде 124-ордун сактап каларын football-rankings.info сайты жазып чыкты.

Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Крестинин: Азия кубогунун тандоо турунда тайпада жеңүүчү болушубуз керек
Былтыр футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы апрелдеги FIFA рейтингинде 99-орунга чейин көтөрүлүп рекорд жаңылаган. Бирок андан көп узабай эле команданын рейтинги төмөндөп кеткен.

Football-rankings.info сайтынын божомолу боюнча февраль айындагы рейтингде Кыргызстан 124-ордун сактап калат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы рейтингдеги ордун бир калыпта сактап келет. Былтыр ноябрь айында 124-орунда болсо, февралдагы рейтингде 122-орунга татыган. Ал эми январда кайтадан 124-орунга түшүп калган

Жаңылыктар түрмөгү
0