FIFA рейтинги: КР командасы өз ордунда калды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Борбордук Азияда үчүнчү орунда турса, континентте 16-катарды ээледи.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын тизмегинде өз ордун сактап калды.

Февралдык рейтинг уюмдун сайтына жарыяланды. Улуттук команда 200 өлкөнүн ичинен 124-сапты ээлеп, мурунку ордунда калды. Кыргызстандык футболчулар январда бир да беттешке чыккан эмес.

Футбол. Отборочный матч ЧЕ-2016. Россия - Австрия - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жети калыс FIFA уюмунун тандалма арбитрлеринин катарын толуктады
Айдын мыкты командасы деп Африка кубогун жеңип алган Камерундун курама тобу табылды. 29 сапка жогорулаган команда рейтингдин 33-катарын ээледи. Ал эми 13 орунга ылдыйлаган Кот-д Ивуардын командасы эң начар деп таанылды.

Рейтингде Борбор Азия ичинен биринчи орунду Өзбекстан (63-орун) ээлейт. Команда россиялык топтон болгону эки орун төмөн турат. Казакстан 96-орунда, Тажикстан 133, Түркмөнстан 144-сапта турат. Азия өлкөлөрүнүн ичинен мурдагыдай эле 32-катарды ээлеп Иран алдыда келе жатат.

Кыргызстандын жакын арада беттеше турганы Макао командасы. Азия кубогунун квалификациялык турунун алкагында Бишкекте өтчү таймаш 28-мартка белгиленген.

Ал эми FIFA рейтингинин алдыңкы үч сабын мурдагыдай эле Аргентина, Бразилия жана Германия ээлеп турат. Тизмек эми 9-мартта жаңыланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0