Кыргызстандык депутат бразилиялык мушкерди биринчи раундда жерге жаткыра чапты

© Sputnik / Табылды КадырбековКызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, спортчу Замирбек Сыргабаев беттеш учурунда. Архив
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, спортчу Замирбек Сыргабаев беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаев 2015-жылы белгилүү Жефф Монсонду дагы утуп алган болчу.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бразилиянын Сан-Паулу шаарында Revolution Fight Series турнирине катышып жаткан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаев биринчи раундда эле атаандашы Карлос Тойотаны нокаутка чапты.

Мелдеш 11-февралда өткөн.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң мыкты беш балбандын катарына кирди
Бразилиялык мушкер Карлос Тойота буга чейин RIZIN, FF, RFC жана Deep уюмдарында мушташкан.

Замирбек Сыргабаев аскер самбосу боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, ММА, бокс боюнча спорттун чебери, Евразиянын чемпиону, панкратион боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону.

2015-жылы Бишкекте өткөн мелдеште белгилүү мушкер Жефф Монсонду жеңип алган

Жаңылыктар түрмөгү
0