Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясына жаңы жетекчи дайындалды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРегистрация кандидатов в мэры Москвы А.Навального и С.Митрохина
Регистрация кандидатов в мэры Москвы А.Навального и С.Митрохина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жетекчи Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысынын буйругу менен дайындалды.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси болуп Токсонбай Асанов дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Оштун Алай футбол клубуна 2016-жылдын футбол сезонунун сыйлыгын тапшыруу аземи - Sputnik Кыргызстан
Футбол: 2016-жылдын жыйынтыгы менен мыктылар аныкталды
Маалыматка ылайык, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысынын буйругу менен Токсонбай Асанов 14-февралда дирекциянын директору болуп дайындалып, 15-февралда мекеменин жамаатына тааныштырылган. 

Асанов буга чейин бир катар жогорку окуу жайларда эмгектенген. Ал педагогика илимдеринин кандидаты, билим берүүнүн, дене тарбия жана спорттун отличниги. Андан сырткары, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу жана СССРдин эркин күрөш боюнча спорттун чебери. 

Белгилей кетсек, аталган дирекцияны буга чейин Алмазбек Касенов жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0