Айсулуу Тыныбекова баш болгон балбан кыздар Швецияга учуп кетишти

© AFP / JACK GUEZКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын архивдик сүрөтү
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан алты спортчу кыз барат.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыздар Швецияда өтө турган эл аралык турнирде ат салыша турганын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Klippan Lady Open 2017" аталышындагы кыздар арасында эркин күрөш боюнча турнир 17-19-фералда Швециянын Клиппан шаарында болот.

Мелдеште Кыргызстандын атынан алты спортчу кыз учуп кетти. Алардын арасында Айсулуу Тыныбекова дагы бар. Кыздарды башкы машыктыруучу жана бир калыс коштоп жүрмөй болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0