Ысык-көлдүктөр футзал боюнча чемпион болушту

© Фото / пресс-служба ФФКРРазвитие футзала в Кыргызстане
Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке бардыгы болуп он команда катышкан.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Футзал боюнча Ысык-Көл облусунун "Мурас" командасы Кыргызстан кубогун жеңип алгандыгын Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова Швециядагы мелдеште күмүш байгелүү болду
Финалга Ысык-Көл командасы менен таймашууга "Чыгышэлектро" ишканасынын футзалчылары чыккан.

Негизги таймашка көлдүк спортчулар атаандаштарын баш көтөртпөй, 10:3 эсеби менен жеңип алды.

Мелдешке баардыгы болуп он команда катышкан. Алар: "Алга-Бишкек", "ГНС", "EREM", "Талас", "Batken city", "Чыгышэлектро", "Достук", "Жалал-Абад", "Мурас" жана "Ысык-Көл".

Жаңылыктар түрмөгү
0