КР хоккейчилери Кышкы Азия оюндарын жеңиш менен баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке
Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таймашта кыргызстандык хоккейчилер кувейттиктерди 5:0 эсебинде утушту.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей командасы VIII Кышкы Азия оюндарын жеңиш менен баштап, Кувейттин хоккейчилерин 5:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тария жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, беттеш 18-февралда Япониянын Саппоро шаарында өткөн.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова завоевала серебро на турнире по женской борьбе в Швеции
Оюнда эсеп тактасын Данил Шушенков ачкан, кийин Олег Колодий эки жана Артем Семилетко менен Антон Кудашев каршылаштардын дарбазасына бирден шайба киргизген.

Кийинки оюн 21-февралда болуп, анда Кыргызстандын командасы филиппиндик хоккейчилер менен күч сынашат.

Кошумчалай кесек, VIII Кышкы Азия оюндарында өлкө намысын төрт спорттун түрү боюнча 33 спортчу коргоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0