Азия оюндары: кыргызстандык хоккейчи бокс ыкмасы менен кувейттиктерди жаткыра чапты

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСышкы Азия оюндарында Кыргызстан менен Кувейттин хоккейчилери арасында мушташ чыгып кетти
ышкы Азия оюндарында Кыргызстан менен Кувейттин хоккейчилери арасында мушташ чыгып кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын хоккей боюнча курама тобунун башкы машыктыруучусу мушташ оюн учурунда чыкканын жана ага кувейттиктер себепкер болгонун билдирди.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кышкы Азия оюндарында Кыргызстан менен Кувейттин хоккейчилери арасында мушташ чыгып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСышкы Азия оюндарында Кыргызстан менен Кувейттин хоккейчилери арасында мушташ чыгып кетти
ышкы Азия оюндарында Кыргызстан менен Кувейттин хоккейчилери арасында мушташ чыгып кетти - Sputnik Кыргызстан
1/3
ышкы Азия оюндарында Кыргызстан менен Кувейттин хоккейчилери арасында мушташ чыгып кетти
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСОюн кечээ Япониянын Саппоро шаарында өткөн
Оюн кечээ Япониянын Саппоро шаарында өткөн - Sputnik Кыргызстан
2/3
Оюн кечээ Япониянын Саппоро шаарында өткөн
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык хоккейчилер биринчи оюнда кувейттик спортчулар менен жолугуп 5:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
Кыргызстандык хоккейчилер биринчи оюнда кувейттик спортчулар менен жолугуп 5:0 эсебинде жеңишке жетишкен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кыргызстандык хоккейчилер биринчи оюнда кувейттик спортчулар менен жолугуп 5:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
1/3
ышкы Азия оюндарында Кыргызстан менен Кувейттин хоккейчилери арасында мушташ чыгып кетти
2/3
Оюн кечээ Япониянын Саппоро шаарында өткөн
3/3
Кыргызстандык хоккейчилер биринчи оюнда кувейттик спортчулар менен жолугуп 5:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Оюн кечээ Япониянын Саппоро шаарында өткөн. Кыргызстандык хоккейчилер биринчи оюнда кувейттик спортчулар менен жолугуп 5:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Мушташ тууралуу Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул кадыресе эле көрүнүш.

Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы күрөш боюнча турнирге кыргыз балбандары катышат
"Биздин оюнчулар шайбаны дарбазага киргизип жатканда каршылаштары алардын дарбазачысын таяк менен уруп жаткандай кабыл алышты. Чынында шайбаны эле уруп жатышкан. Бир маалда кувейттик команданын коргоочулары спортчу Урмат Шейшеновду түрткүлөй башташты. Кыргызстандык хоккейчилер аларды ажыратууга аракет кылганда тигилер кара күчкө салып муштум көтөрүштү. Ошондо биздин Канат Абылмечин аттуу оюнчубуз бокстун жөнөкөй ыкмаларын колдонуу менен бир нече каршылашын жыгып койду", — деди Жакыпов.

Башкы машыктыруучу хоккейде мындай мушташтар болуп келгенин билгиледи.

VIII Азия оюндары спорттун 11 түрү боюнча өтүп жатат. Анда 1500гө жакын спортчу жана 30 олимпиадалык комитеттин расмий өкүлдөрү катышууда.

Кошумчалай кесек, VIII Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун төрт түрү боюнча 33 спортчу коргоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0