"Дордой" менен Тажикстандын "Хосилот" командасы Ошто беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековДордой футбол командасынын оюнчусу беттеш учурунда. Архив
Дордой футбол командасынын оюнчусу беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки команданын биринчи беттеши Ошто өтсө, экинчиси Душанбе шаарында 28-февралга белгиленген.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" командасы менен Тажикстандын "Хосилот" командасы бүгүн Ошто оюн талаасында кездешет. Бул тууралуу "Дордой" футбол клубунан билдиришти.

Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КР хоккейчилери Кышкы Азия оюндарын жеңиш менен баштады
Маалыматка ылайык, бишкектик команда AFC кубогунун тайпалык этабына өтүү үчүн оюнга чыгат. Мелдеш Ош шарында Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо 21-февраль күнү саат 15:00дө болот.

Ал эми экинчи беттеш Душанбе шаарында 28-февралга белгиленген.

AFC кубогу — Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0