Жиу-житсу: КР мушкери Америкадан алтын тагынып, дүйнө чемпионатына жолдомо алды

© Фото / предоставлено Абдурахманхаджи МуртазалиевымМеждународный турнир по джиу-джитсу в США
Международный турнир по джиу-джитсу в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жиу-житсу боюнча АКШда өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчу алтын жана коло байге утуп алды.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча АКШда өткөн эл аралык мелдеште эки медаль утуп алды. Бул тууралуу анын бир тууганы Муртазали Муртазалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Экс-депутат Тербишалиев: жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатам
Эл аралык New York National Pro турнири дем алыш күндөрү Нью-Йорк шаарында өткөн. Кыргызстандык спортчу 85 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.

Муртазалиев турнирдин жалпы жыйынтыгы боюнча үчүнчү орунга татып, мелдештин абсолюттук салмак категориясында күч сынашууга укук алып, ал жактан алтынга ээ болгон. Ошентип ал дүйнөлүк чемпионатка чыгууга жолдомо утту.

Абдурахманхаджи Муртазалиев спорттун эл аралык классындагы чебери, дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Андан сырткары, Азия менен Европанын жеңүүчүсү аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0