Кыргызстандын курама командасы Австриядагы атайын олимпиадага катышат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүБиатлон. VI этап Кубка мира. Тренировки
Биатлон. VI этап Кубка мира. Тренировки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психикалык жактан жабыркаган адамдарды коомчулукка көндүрүү максатында ар жылы жайкы жана кышкы спорттук оюндардын атайын олимпиадасы өткөрүлүп турат.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Австрияда өтө турган VII дүйнөлүк атайын кышкы олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Олимпияда шакекче. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек келечекте Олимпиада оюндары өтүүчү 8 шаардын катарына кирди
Эл аралык спорттук иш-чаранын максаты Психикалык жактан жабыркаган адамдарды коомчулукка көндүрүү, аралаштыруу болуп эсептелет. Олимпиада 14-марттан 24-мартка чейин Австриянын Грац жана Шладминг шаарларында өткөрүлмөкчү.

Мелдешке 8 жаштан 22 жашка чейинки спортчулар катышып, кышкы спорттун сегиз түрү боюнча ат салышат.

Кыргызстандын курама командасынын ичинде үч спортчу жана эки машыктыруучу бар. Олимпиадага катышууга дирекциянын бюджетинен 338 миң сом акча бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0