Кыргызстандык балбандар Түркиядагы Yaşar Doğu эл аралык турниринде күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбандар күрөш турнири учурунда. Архив
Балбандар күрөш турнири учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык турнир Стамбул шаарында 10-марттан 12-мартка чейин өтөт.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар эркин күрөш боюнча Түркияда өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Турнир по таэквондо в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы турнирде кыргызстандык үч спортчу кыз чемпион болду
Маалыматка ылайык, өлкөнүн эркин күрөш боюнча курама командасы Стамбул шаарында 25-февралдан 8-мартка чейин машыгууларын улантат. Андан соң алар 10-марттан 12-мартка чейин өтөт турган Yaşar Doğu эл аралык турниринде күч сынашат.

Ага түрдүү салмактагы кыргызстандык сегиз балбан катышат. Алардын машыгууларын өткөрүү жана мелдешке катыштыруу үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы 1 миллион 245 миң сом бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0