Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү

Антонина Шевченконун атаандашы мелдеш алдында алмашып кетти

196
(жаңыланган 15:19 28.02.2017)
Нидерланддык Алейде Лавант жараат алганына байланыштуу аны башка спортчу менен алмаштырууга туура келди. Эми Шевченко рингге франциялык Магали Форони (Magali Foroni) менен чыгат.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун аттандашы дүйнө чемпиондугун коргоо алдында алмашты. Бул боюнча КРдин Тайбокс федерациясы билдирди.

Буга чейинки атаандашы нидерланддык Алейде Лавант жараат алган, мындан улам аны башка спортчу менен алмаштырууга туура келди. Эми Шевченко рингге франциялык Магали Форони (Magali Foroni) менен чыгат. Беттешүү 3-мартта Американын Коннектикут штатында өтмөкчү.

Антонина Шевченко былтыркы жылдын июль айында ээлеген Lion Fight титулун биринчи жолу коргоп аткан жок. 

Мурда ал италиялык Паоло Каруччи жана голландиялык Илона Вийманс менен беттешип, экөөнү тең утуп алган.

2016-жылдын ноябрь айында кыргызстандык спортчу Lion Fight Promotions уюму менен келишим түзгөн. Ага ылайык Шевченко ар кандай салмак категорияларында чемпиондук титулдар үчүн тайбокстун ыкмалары менен таймаша алат.

Lion Fight Promotions уюму профессионалдар арасында тайбокс боюнча мелдештерди уюштурат.

196
Белгилер:
мелдеш, титул, алмаштыруу, атаандаштык, тай боксу, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Антонина Шевченко чемпиондук титулун коргойт
Антонина Шевченко чемпиондук титулун сактап калды
ММА боюнча мушкер. Архив

Кыргызстандык жеңилбес мушкер ONE Championship уюмунда дебюттук беттешине чыгат

149
Промоушендин Fists of Fury 2 мелдеши 5-мартта Сингапурда өтөт. Кыргызстандык атлеттин атаандашы япониялык Йошики Накахара болмокчу.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жеңилбес мушкер Руслан Эмилбек уулу ONE Championship уюмунда дебюттук беттешине чыгат. Мелдештин расмий постерин аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ONE Championship (@onechampionship)

Промоушендин Fists of Fury 2 мелдеши 5-мартта Сингапурда өтөт.

Кыргызстандык атлеттин атаандашы япониялык Йошики Накахара болмокчу.

Руслан Эмилбек уулу ММА спортунда 12 беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Ал эми анын атаандашы Йошики Накахара 18 беттештин 13үн утуп, беш ирет жеңилүү ызасын тарткан.

149
Белгилер:
ONE Championship, мушкер, дебют, ММА
Тема боюнча
Кыргызстандыктан жеңилгенин моюндаган чечен мушкери алкоого татыды. Видео
Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын Кайрат клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив

"Кыргызстандык Месси" Казакстанда керемет гол киргизди. Видео

539
(жаңыланган 19:08 03.03.2021)
Гүлжигит Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп гол киргизген.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.

Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.

539
Белгилер:
Казакстан, гол, кооз, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу
Эки жылдык тыныгуудан соң Бишкекте футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Май куючуу жай. Архив

Нефтетрейдерлер: мартта күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт

8
(жаңыланган 15:21 04.03.2021)
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору күйүүчү-майлоочу каражаттарга болгон баанын өсүшүнө үч себепти атады.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал жыл башынан бери россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин дүң баасы 300 доллардан 500 долларга кымбаттаганын эске салды. Мындан сырткары, мунай баасы дагы 31 пайызга өскөн. Ал эми сом КМШ өлкөлөрүндөгү валюталардын ичинен көбүрөөк арзандаган.

"Март айында баалар өсөт. Жеке компаниялар чыгым тартыш үчүн иштебейт. Алардын маржасы минималдуу. Мартта баалар сөзсүз өсөт. Божомолубуз боюнча 6-7 сомго кымбаттайт", — деди Эшатов.

Буга чейин аталган ассоциация 1-январдан 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышкан. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 31 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.

Анткен менен республикадагы АЗСтердеги бензиндин литрине болгон баа 13,8 пайызга же 4,9 сомго гана көтөрүлгөн.

8
Белгилер:
баа, мунай, өндүрүш, Россия, бензин, Кыргызстан
Тема боюнча
Бензин 5 сомго кымбаттап кетти. Нефть ташуучулар себебин түшүндүрдү
Бишкектеги автомектептердин тизмеги. Шарты жана баалары