"Дордой" клубу тажиктерди жеңип алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч туркменского клуба "Балкан" с бишкекским "Дордоем" в Оше
Матч туркменского клуба Балкан с бишкекским Дордоем в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дордой" клубу "Алай" менен бир группада ойнойт.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкектик "Дордой" футбол клубу тажиктердин "Хосилот" командасын жеңип, Азия футбол конфедерациясынын финалдык бөлүгүнө өттү.

Балбандар күрөш турнири учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбандар Түркиядагы Yaşar Doğu эл аралык турниринде күч сынашат
Эки команданын беттеши шейшемби күнү Душанбеде болуп, кыргызстандык футболчулар 1:1 эсебинде тең чыккан. Ал эми биринчи оюн Ошто өтүп кыргыз спортчулары 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Эки оюндун жыйынтыктары менен ата мекендик клуб кийинки этапка өттү.

"Дордойдун" группадагы каршылаштары болуп Ош облсунун "Алай", түркмөндөрдүн "Алтын Асыр" жана тажиктердин "Истиклол" курама топтору болуп эсептелет.

AFC кубогунун оюндары 14-31-май аралыгында өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0