Жиу-житсу боюнча Астанадагы мелдеште КР спортчусу алтын тагынды

Жазылуу
Эл аралык мелдеш дем алыш күндөрү Астана шаарында өткөн.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев өткөн эл аралык Kazakhstan National Pro Jiu-Jitsu Championship турниринде алтын медаль алганын өзү Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Турнир по таэквондо в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы турнирде кыргызстандык үч спортчу кыз чемпион болду
Эл аралык мелдеш дем алыш күндөрү Астана шаарында өткөн.

Муртазалиев сыя жана күрөң бел кур ээлеринин арасында 85 килограммга чейин салмак категориясы боюнча ат салышкан. Финалдык кармашта ал казакстандык Берик Сулеймановду жеңип алган.

Буга чейин спортчунун иниси Абдурахманхаджи Муртазалиев АКШда өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде эки медаль алып, 14-16-апрелде Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн дүйнө чемпионатына жолдомо алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0