БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кыздардын курама командасы (19 жашка чейин) Алматыдагы жолдоштук беттеште Тажикстандын командасын утуп алды. Бул тууралуу ата-мекендик Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы жана "жаштары" Казакстанда Тажикстандын негизги жана жаштар курама командалары менен беттешүүдө.
Шейшемби күнү эки өлкөнүн негизги курама командалары 1:1 эсебинде теңелип калган. Шаршемби күнү жаштар курама командалары талаага чыгып, ата-мекендик спортчулар 3:0 эсебинде атаандаштарын артта калтырган.
Кыргызстандан Шахноза Ибраимова, Малика Кадырова жана Алтынай Курманалиевалар дарбазага топ киргизип, өзгөчөлөнө алышты.