Германиядагы эл аралык мелдеште кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр тогуз медаль тагынды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЧемпионат мира по водным видам спорта. 9-й день. Плавание
Чемпионат мира по водным видам спорта. 9-й день. Плавание - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"International Swimming Meeting" эл аралык турнирине дүйнөнүн 25 өлкөсүнүн спортчулары катышкан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Германиядагы эл аралык турнирде байгелүү кайтышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Дзюдо. Чемпионат Европы. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык 4 дзюдочу Бакудагы турнирге катышат
Маалыматка ылайык, Берлин шаарында 3-марттан 5-мартка чейин өткөн "International Swimming Meeting" эл аралык турниринде кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр тогуз медалга жетишти.

Анда түрдүү аралыкта сүзүү боюнча Денис Петрашов эки алтын, бир күмүш, Кирилл Вайс бир коло жана бир күмүш тагынган. Андан сырткары, Иван Пантелеев бир алтын менен бир колого жетишсе, Темирлан Каратаев үчүнчү жана Азиз Сансызбаев экинчи орунга илинген.

Жалпы аталган мелдеште дүйнөнүн 25 өлкөсүнүн спортчулары ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0