Кыргызстандык Абдурахманхаджи Муртазалиев бразилиялык жиу-житсу боюнча АКШда өткөн турнирде

Кыргызстандык Муртазалиев АКШда жиу-житсу мелдешинде алтын тагынды

146
(жаңыланган 17:09 06.03.2017)
Акыркы беттешүүдө спортчу атаандашына карата муунтуучу ыкманы колдонуп, жеңишке жетишкен.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Абдурахманхаджи Муртазалиев бразилиялык жиу-житсу боюнча АКШда өткөн турнирде алтын тагынгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун байкеси Муртазали Муртазалиев билдирди.

Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба Федерации тайского бокса в КР
BJJ Pride Championship 2017 эл аралык турнири жекшемби күнү Нью-Йоркто өткөн. Кыргызстандык спортчу 86 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча беттешкен. Мушкер Бразилия жана АКШ спортчулары менен күч сынашып, финалдык бөлүктө дагы бир америкалык спортчу менен беттешкен.

Муртазалиев акыркы мүнөттөрдө муунтуучу ыкманы колдонуп, алтын медаль жеңип алды. Эки жума мурда Нью-Йоркто өткөн эл аралык турнирде дагы эки медаль менен Бириккен Араб Эмираттарында 14-16-апрелде өтө турган эл аралык турнирге жолдомо утуп алган.

Абдурахманхаджи Муртазалиев эл аралык класстагы спорттун чебери, дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Азия менен Европа чемпионатынын жеңүүчүсү.

146
Белгилер:
джиу-джитсу, Абдурахманхаджи Муртазалиев, Нью-Йорк
Тема боюнча
Жиу-житсу боюнча Астанадагы мелдеште КР спортчусу алтын тагынды
Казакстандагы турнирде кыргызстандык үч спортчу кыз чемпион болду
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана лиганын президенти Дана Уайт. Архивдик сүрөт

Эки беттешти күтүп жатам. Хабиб UFC башчысына кандай шартта спортко кайтарын айтты

164
(жаңыланган 12:52 17.01.2021)
Россиялык спортчунун шарттары Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашынан көз каранды экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мушкерлер UFC уюмунун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтө алышса октагонго кайтам. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов лиганын президенти Дана Уайтка билдиргенин Eurosport жазды.

Ишемби күнү Уайт менен Нурмагомедов жабык эшик артында сүйлөшүштү. UFC башчысынын айтымында, ага Хабиб спортто жетиштүү ийгиликти багындырганын, кайра кайтууга шык бере турчу деле нерсе жок экенин билдирген. Бирок ал Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашына көз саларын белгилеген.

"Жеңил салмактагы ушул беттештерди көрөйүн деп күтүп жатам. Балдар кызыктуу кармаш тартуулап, мага чыныгы атаандаш экенин көрсөтө алышса сегиз бурчтукка кайтам", — деген Нурмагомедов.

Россиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.

Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген. 

164
Белгилер:
мушкер, октагон, спорт, Дана Уайт, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб кандай учурда октагонго кайтышы мүмкүн. Менеджердин жообу
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги
Курду тээп ийген Хабиб, сый көрсөткөн Конор. 2020-жылдагы тиктешүүлөр видеодо

Чыканак менен башка уруп... Соңку UFC турниринин кызыктуу учурлары видеодо

32
Кечээ Абу-Даби шаарында UFC Fight Island 7 турнири болуп өттү. Кеченин башкы беттешинде америкалык мушкер Макс Холлоуэй мекендеши Кэлвин Каттарды утуп алды.

Турнирдин кызыктуу учурлары UFC Russia аталышындагы YouTube-каналга жүктөлдү.

Уюмдун мурдагы чемпиону Холлоуэй спортто жолу болбой, буга чейин эки ирет утулган эле. Учурда жеңишин майрамдап жаткан кези. Ал эми атаандашы Каттар, тескерисинче, эки ирет катары менен жеңип, эми утулуп отурат.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде америкалык Карлос Кондит дагы бир АКШ спортчусу Мэтт Браунду калыстардын чечими менен уткан.

32
Белгилер:
видео, мушкер, турнир, UFC, Абу-Даби
Тема боюнча
UFC 2020-жылдагы эң мыкты беттештердин бүйүр кызыткан видеосун жарыялады
Шприц чыгарган ишкана. Архивдик сүрөт

Министр Кара-Суудагы шприц чыгарган ишкананы көрдү. Сүрөт

19
(жаңыланган 15:11 17.01.2021)
Ишкананын ээси мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздап келишсе, жакынкы убакыттарда республиканы камсыздап жатышканын айткан.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.

Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.

"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.

Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.

19
Белгилер:
ишкер, ишкана, Алымкадыр Бейшеналиев, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Ош облусунун ооруканаларына 26 тез жардам унаасы берилди