"Дордой" өзүнүн курамын чыңдап жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дордой" футбол командасынын оюнчулары. Архив
Дордой футбол командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-мартта Душанбе шаарында "Дордой" командасы Азиянын футбол конфедерациясынын тайпалык турниринин биринчи этабында Тажикстандын "Истиклолом" командасы менен ойнойт.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону "Дордой" командасы өз курамын Азиянын футбол конфедерациясынын тайпалык турнирлеринин алдында чыңдап жатат. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтында маалымдалат. 

Кыргызстандын футбол боюнча кыздардын курама командасы (19 жашка чейин). Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчу кыздары тажик атаандаштарын жеңип алды
"Дордой" клубу өзбекстандык оюнчулар Алишер Азизов жана Абдулатиф Абдукадыров менен келишим түздү. Ошондой эле Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Павел Сидоренко менен дагы бир жылдык келишим түзүүгө жетишкен.

Ал эми команданын курамындагы оюнчу Инкум Келвин кеткен.

Эске салсак, 14-мартта Душанбе шаарында "Дордой" командасы Азиянын футбол конфедерациясынын тайпалык турниринин биринчи этабында Тажикстандын "Истиклолом" командасы менен ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0