Бишкекте "Алыш" күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Жазылуу
Спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Иран жана Индия өңдүү 20дай өлкөнүн спортчулары катышат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Соревнования по сумо в Монголии - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сумо боюнча биринчилик өтөт
Маалыматка ылайык, мелдеш 17-мартка белгиленген. Ага жергиликтүү балбандардан сырткары, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Германия, Иран жана Индия өңдүү 20дай өлкөнүн спортчулары катышат.

Анда эркектер алты жана кыздар беш салмактык категориялар арасында күч сынашат.

Турнир алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү, маркум Баяман Эркинбаевдин 50 жылдыгына арналып өтөт. Мелдешти Алыш федерациясы менен Улуттук спорттун түрү боюнча мамлекеттик дирекциясы уюштурууда. Спорттук иш-чараны өткөрүүгө 1 миллион 906 миң бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0