"Азия MIX" командасынын жигиттери футбол тууралуу роликке тартылышты

© SputnikУчастники КВН команды "Азия MIX" Эрмек Кененсаров и Аким Карасаев в промо-ролике к матчу Кыргызстан — Макао. Фото с сайта Youtube
Участники КВН команды Азия MIX Эрмек Кененсаров и Аким Карасаев в промо-ролике к матчу Кыргызстан — Макао. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ролик Бишкекте өтө турган футболдук мелдешке карата тартылган. Анда Кыргызстандын курама командасы менен Макао беттешет.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргызстан — Макао беттешүүсүнө карата "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү Эрмек Кененсаров менен Аким Карасаев катышкан промо-ролик тартышты.

Аталган видео федерациянын Youtube каналына жарыяланган. Азия кубогу-2019 мелдешинин квалификациялык турнири 28-мартта Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлөт.

Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
FIFA рейтинги: кыргызстандык команда бир сапка ылдыйлады
Видеодо сценарий боюнча квнчилер чечинүүчү жайда футболчуларды оюн талаасындагы жеңишке үгүттөйт. Машыктыруучу кирери менен Кененсаров менен Карасаевди оюнга чыгууну талап кылат. Алар дароо үстүңкү кийимдерин чечип, бут кийим сурай башташат.

Кыргызстандын курама командасы бул квалификацияда Индия, Мьянма, Макао курамасына туш келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0