Чолпон-Атада грек-рим күрөшү боюнча юниорлор арасында өлкө биринчилиги өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе
Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште 18-20 жаштагы балбандар сегиз салмактык категория боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө юниорлор арасында грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу олипиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр республикалык мектеби билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионат 24-26-мартка белгиленген. Анда 18-20 жаштагы балбандар сегиз салмактык категория боюнча күч сынашат.

Спорттук иш-чарага облус жана шаарлардын курама командалары катышмакчы. Мелдеш өлкөнүн курама командасына спортчуларды тандап алуу максатында уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0